Бишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталуудаТургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайтЭнергетика министри 2030-жылга чейин электр энергиясынын баасынын өсүү графигин ачыктадыБишкекте 8 өспүрүм дайынсыз жоголууда. Алардын алтоо балдар борборунун тарбиялануучуларыСтудент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташат
Сот Нурбек Алимбековдун пайдасына чечим чыгарды
22.12.2021 | 12:20
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбековдун иши боюнча Жогорку Сот Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында Алимбековдун шайлоо штабынын жетекчиси Нурлан Орозбаев Reporter.kg′ге билдирди.
Анын айтуусунда, №8 Төлөйкөн округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазовдун Нурбек Алимбековго каршы дооматы четке кагылып, сот Алимбековдун пайдасына чечип берди.
Буга чейин Бишкек шаардык административдик сот Шайлообек Атазовдун өтүнүчүн четке каккан болчу.
Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Алимбековдун шайлоо штабы бир катар мыйзамсыз аракеттерге барган деген дооматтарды койгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат