Биринчи май райондук соту «Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталып абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узартпоо чечимин кабыл алды.
Жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында же үй камагында кармаса болбойт. Эми 27-декабрда №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков бошотулушу керек.
«Кой-Таш» окуясы боюнча үй камагындагы башка айыпталуучулардын дагы бөгөт чарасы узартылган жок. Булар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаевалар. Фарид Ниязов “Кой-Таш окуясы” боюнча бошотулуп, Октябрь окуясы боюнча айыпталууда.
Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып күчүнө кирди. Ага президент Садыр Жапаров 28-октябрда кол койгон.