27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Президент элчи Кайрат Осмоналиевге сөгүш жарыялады
22.12.2021 | 17:09
Sputnik Азербайжандын пресс-борборундагы маалымат жыйынына шилтеме кылуу менен Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиевдин “Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады”, – деп бир катар ЖМКларга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, белгиленген маекте бул тууралуу сөз да болгон эмес. Аны менен бирге, ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана ЖМКларда айың-кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат