Сот Ташовдун жактоочусун дагы эки айга камакта калтырды

30.12.2024 | 12:33

Жактоочу Самат Матцаковдун бөгөт чарасы узартылып, дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Матцаков УКМКнын тергөөчүсүн өтүнүчү менен 28-февралга чейин камакка алынган.

Анын бөгөт чарасы боюнча чечим 30-декабрга караган түнү чыккандыктан, укук коргоочулар камакка алуунун мөөнөтү аяктагандыктан Макцаков 30-декабрда камактан чыгышы керек болгонун, ага карабай сот анын бөгөт чарасын кароону улантып, камакта калтырганын айтып чыгышкан. Ошондой эле алар судья отурумга 2 саат 16 мүнөт кечигип келгенин билдиришкен.

Аталган факт боюнча Биринчи май райондук сот өзүнүн түшүндүрмөсүндө, бөгөт чараны кароо 29-декабрда 12:20да башталып, 30-декабрда саат 00:30да аяктаганын билдирди.

“Соттук отурум өтүп жаткан маалда жактоочулар келтирген өтүнүч боюнча аларга түшкү тамактанууга саат 13:30дан 14:30га чейин жана кечки тамакка саат 19:30дан 20:30га чейин убакыт берилди, ошондой эле иштин материалдары менен таанышууга эки жолу убакыт берилди.

Ошол эле учурда 12:20дан саат 19:30га чейин жактоочулар тарабынан сотту ишти кароодон четтетүү тууралуу 5 өтүнүч келтирилип, аларды кароо үчүн сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып жатты. Ага бир топ убакыт кетти”, – деп айтылат маалыматта.

Жактоочулар менен айыпталуучунун отурумда сүйлөгөн сөздөрү 20:30дан 00:30га чейин созулган. Андан кийин соттук отурум аяктап, сот кеңешме бөлмөсүнө кеткен.

Бөгөт чара тууралуу токтом 30-декабрда саат 01:30да угузулган.

Жогорудагыларды айткан Биринчи май райондук сот процесстин катышуучуларын коомчулукту адаштырбоого жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарын так сактоого чакырат.

Белгилей кетсек, Самат Матцаков – камакта отурган ишкер Имамидин Ташовдун, абакка кесилген акын Аскат Жетиген жана журналист Актилек Капаровдун жактоочусу.

УКМК Матцаковду 29-ноябрда “алдамчылыкка” жана “документ жасалмалоого” шектеп кармаган. Ал 30-декабрга чейин камакка алынган.

 

Scroll to Top