Токмок шаардык соту 32 жаштагы кишини өлтүрө сабаган жигитке чечим чыгарды

Токмок шаардык соту 32 жаштагы кишини өлтүрө сабаган жигитке чечим чыгарды

Токмок шаардык соту 1993-жылы туулган Мирландын (аты өзгөртүлгөн) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

2020-жылдын 15-мартында, болжол менен саат 21:00 чамасында Токмок шаарында Мирлан мас абалында, 1988-жылы туулган Эрмекти (аты-жөнү өзгөртүлгөн) тааныштары менен негизсиз сабаган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ал жерде көз жумган.

Мирлан күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, күнөөсүн моюнга алуу жөнүндө келишим түзгөн.

Натыйжада, сот Мирланды күнөөлүү деп таап, мамлекеттин кирешесине эсептелген 700 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул менен алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Сот мунапыс колдонуп, жазанын үчтөн бир бөлүгүн кыскартып, акыры төрт жылга эркинен ажыратылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>