Чүйдүн Аламүдүн райондук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирди 5 жылга абакка кести. Соттун өкүмү бүгүн, 14-майда чыкты.
Белгилүү болгондой, Олжобай Шакир «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып жаткан. Ал былтыр 23-августта УКМК тарабынан кармалып, ошондон бери атайын кызматтын тергөө абагында камакта отурат.
Жазуучу күнөөнү мойнуна алган жок.