УКМК кармаган акын Аскат Жетигендин иши соттун кароосуна өттү

УКМК кармаган акын Аскат Жетигендин иши соттун кароосуна өттү

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенге козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан ырасташты.

Акындын иши Свердлов райондук сотунда каралат. Бул иш боюнча алдын ала соттук угуу 14-майда саат 16:00до болот. Соттук угуу жабык өтөт.

Аскат Жетигенге 327-берененин 2-бөлүгүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алуу чакырык жасоо) жана 278-берене (массалык башаламандыктар) боюнча айып тагылууда.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген.

Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды чыгарып келген. Анын ичинде кумаркананы иштетүү, тууну өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон.

Жактоочу Венера Буудайбекова «Азаттыкка» билдиргендей, Аскат Жетигендин 15-марттагы жасаган видеокайрылуусу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анын негизинде акынга «массалык баш аламандыктарга чакырыктар» беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон.

Акын 19-майга чейин камакка алынган.

Ырчы Аскат Жетиген 2 айга камакка алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>