Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Соттолгондор жогорку кызматтарга талапкер боло албайт. Мыйзам ЖКда кабыл алынды
18.06.2025 | 17:05
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында соттуулугу бар жарандардын жогорку кызмат орундарына талапкер болууга тыюу салуу боюнча конституциялык мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Ага ылайык, соттолгон (анын ичинде соттуулугу жоюлган же алынган, же реабилитацияланбаган негизде иши токтотулган) жарандар төмөнкү кызматтарга талапкер боло алышпайт:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Жогорку Кеңештин депутаты;
- Министрлер кабинетинде жана башка мамлекеттик органдарда кызмат орундарына;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- Улуттук банктын төрагасы, орун басарлары жана башкармасынын мүчөсү;
- Эсептөө палатасынын аудитору.
Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоор жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жогорулатууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат