Спикердин жаңылганы боюнча Парламенттин басма сөз катчысы түшүндүрмө берди

Спикердин жаңылганы боюнча Парламенттин басма сөз катчысы түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу төрага Дастабек Жумабековдун  «27-апрелди 15-апрелге чейин узартып алыш керек” деп жаңылып сүйлөгөнү боюнча түшүндүрмө берди.

“Төрага айдын аталышын жаңылыш айтып алганы чын. Видеонун толук версиясын сунуш кылабыз. Кабыл алынган токтомдо 27-марттан 15-апрелге чейин Жогорку Кеңештин депутаттары эл менен тыгыз байланышта иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу керектиги тууралуу белгиленген”, — деп жазган Нуракун уулу “Фейсбук” баракчасына.

https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/videos/10157516282443264

Төраганын жаңылып калган сөзү учурда социалдык тармактын колдонуучуларынын кайрадан талкуусуна түштү.

Ал буга чейин дагы бир нече жолу жаңылып айтып алган сөздөрү менен коомулуктун сынына кабылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>