Спортчулар үчүн бөлүнгөн акчаны кымырып алган деп үч адам кармалды

Спортчулар үчүн бөлүнгөн акчаны кымырып алган деп үч адам кармалды

Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары акча кымырып алган деп кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шектүү катары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т, аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана  Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалды. Кармалгандардын бири эрежесиз мушташ боюнча спортчу Улан Эралиев экени белгилүү (Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т).

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган үч адам «Көк бөрү», «Кыргыз улуттук классикалык күрөш», «Алыш бел боо күрөш», «Салбуурун», «Кулатуу», «Ат оюндары» федерацияларынын усулчу жана машыктыруучулары менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия  мамлекетинде өткөрүлгөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн акчаны өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алышканы аныкталган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>