Кыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдө
Казакстандагы жер титирөө Кыргызстанда 3 балл болуп сезилди
31.05.2024 | 12:50
Казакстандагы жер титирөө Кыргызстандын аймагында 3 балл болуп сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сейсмология институту берген такталган маалыматка ылайык, саат 11:13тө Казакстанда 4,5 магнитудагы жер титирөө болгон. Анын очогу Бишкектен 55 чакырым түндүк-чыгышта, Токмоктон 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Аталган эки шаарда жер тирөө 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом