Стамбулда учак 177 кишиси менен кырсыкка учурады

06.02.2020 | 09:57

Pegasus Airlines авиакомпаниясынын учагы Стамбул аэропортунда кырсыкка учурап, жыйынтыгында бир адам каза болуп, кеминде 157си жабыркады. Жалпысынан бортто 177 киши болгон.

— Учак 30 метрлик бийиктиктен конуу тилкесине кулап түшкөн, — деп билдирди Стамбулдун губернатору Али Йерликай жергиликтүү телеканалдын эфиринде.

5-февраль күнү кечинде Измир-Стамбул каттамын аткарган «Боинг» учагы конуу маалында кырсыкка учурап, экиге бөлүнүп кеткен.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсыкка катуу шамал себеп болгон.

Scroll to Top