Стамбулда Украина, АКШ жана Түркиянын делегациялары жолугушууга чогула баштады

Стамбулда Украина, АКШ жана Түркиянын делегациялары жолугушууга чогула баштады

Стамбулдагы Россия-Украина сүйлөшүүлөрү өтө турган жайга Украина, АКШ жана Түркиянын делегациялары келип, алгачкы үч тараптуу жолугушуу саат 13:45те башталганын РИА новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, биринчи жолугушуу Түркия, АКШ жана Украина ортосунда өтүүдө. Ал эми саат 15:30да Түркия, Россия жана Украина ортосунда экинчи жолугушуу пландалган.

Бул сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы үзгүлтүккө учураган тынчтык процессинин уландысы катары карап жатышат. Россиялык делегация буга чейин украин тарапты бүгүн саат 10:00дө (Бишкек убактысы боюнча 13:00дө) күтөөрүн билдирген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>