Стамбулдагы башкы консул кызматтан алынды. Анын унаасы Саймаити өлтүрүлгөн жерден табылган

Стамбулдагы башкы консул кызматтан алынды. Анын унаасы Саймаити өлтүрүлгөн жерден табылган

Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити минип жүргөн  Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа Эркин Сопоковко таандык экени айтылууда.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган унаанын чоо жайын тактап жатканын билдирген.

Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

Түркиялык басылмалар окуя болгон Саймаитиники делген унаанын консулдуктардын бирине таандык экенин жазып чыгышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>