Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Стамбулдун борборунда кайрадан жарылуу болду – видео
16.11.2022 | 09:05
Стамбулдун Фатих аймагында жарылуу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа жардырылган. Бул тууралуу Mynet.com басылмасы жазды.
Белгиленгендей, жардыруу 15-ноябрда кечинде Стамбулдун тарыхый борборунда болгон. Түркиянын кооз жерлери жана маданий баалуулуктарынын көбү ошол жерде жайгашкан.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Фатих аймагында катуу унаа жарылганын кабарлашты. Токтоп турган үч унаа күйүп кеткен. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.
Буга чейин 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районунда жардыруу болуп, алты адам каза болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар