Аялына болушкан: Досуна бычак сайган келин 10 жылга кесилди

Аялына болушкан: Досуна бычак сайган келин 10 жылга кесилди

Чүй облусунда досуна бычак сайган аялга сот өкүм чыгарды. Эркек киши кан жоготуудан улам каза болгон. Соттун чечими Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Аты-жөндөрү өзгөртүлдү.

2020-жылдын жаз айларында Айнура досторунун биринин үйүндө Айбек, Болот, Мирбек жана Мадина менен спирт ичимдигин ичип отурушкан.  Аларга Айбектин жубайы Асел балдары менен келген. Ал жолдошунун белгисиз аял (сөз Мадина жөнүндө болуп жатат) менен чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурганын көрүп, кызганычтын айынан күйөөсүн сөгүп, анын үйүнө барышын талап кылган. Буга жооп кылып Айбек аялына жаман сөздөрдү айтып, түртүп жиберген, андан соң Асел кетип калган.

Айнура таарынып кетип калган Аселге болушуп, ал Айбек менен уруша башташты. Ошондон кийин Айнура столдо жаткан бычакты алып, Айбектин көкүрөгүнө жана сан тарабына бир чапкан. Айбек көчөгө чуркап чыгып, көп кан жоготуудан улам эс-учун жоготуп, жыгылган. Ал жерден Айбектин жансыз денесин милиция кызматкерлери табышкан.

Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен Айнура 10 жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөө мөөнөтү баласы 14 жашка чыкканга чейин жылдырылды. Ошондой эле мажбурлап дарылоо – жазасын өтөп жаткан жеринде психиатрдын амбулатордук байкоодон өтүү белгиленген.

Чүй облустук сотунун коллегиясы жазаны өзгөртүп, өтөлө элек мөөнөттүн төрттөн бирин кыскартты. Ал эми Жогорку соттун коллегиясы аялга карата өтөлбөгөн мөөнөттү кыскартуу жөнүндө арызды жазадан алып салды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>