Жер планетанын 8 миллиарддынчы жараны кайсы өлкөдө төрөлдү?

Жер планетанын 8 миллиарддынчы жараны кайсы өлкөдө төрөлдү?

15-ноябрь күнү,  Жер планетада калктын саны 8 миллиардга жетти. Мындай эсеп Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сайтында жарыяланды.

«Мындай болуп көрбөгөндөй өсүш саламаттыкты сактоо, тамактануу, жеке гигиена жана медицина тармагын жакшыртуунун эсебинен жашоо узактыгынын акырындык менен көбөйүшүнө байланыштуу. Бул ошондой эле кээ бир өлкөлөрдө төрөттүн жогорку жана туруктуу көрсөткүчүнүн натыйжасы«, — деп белгилейт БУУ.

Айрым басылмалар  8 миллиардынчы бала Мартунин шаарында төрөлгөнүн, ысымы Арпи экенин, 2 кг 900 гр салмакта төрөлгөн ымыркай Карен Закарян менен Ани Кочаряндын кызы экенин жазып чыгышты. Жергиликтүү басылмаларга бул маалыматты Мартунин шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Артур Ованисян билдирип, аны ЮНИСЕФ да тастыктаганын айткан.

Уюм 15 жылдан кийин — 2037-жылга чейин планетада 9 миллиард адам жашайт деп болжолдойт. Калктын саны 12 жылдын ичинде 7 миллиарддан 8 миллиардга чейин өстү.

«Бул биздин көп түрдүүлүктү даңазалоого, жалпы адамзаттык баалуулуктарды таанууга мүмкүнчүлүк. Ошол эле учурда бул планетага кам көрүү үчүн биздин жалпы жоопкерчилигибизди эскертет«, — деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: жер эл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>