Сумаянын өлүмү: Шектүү психикалык ооруканага жаткырылды

24.12.2021 | 10:02

Сумаянын өлүмү боюнча шектүу жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусттук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 22-декабрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. аттуу жаран аныкталган.

У.А. суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып иштин жагдайын көрсөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

“Ошондуктан “Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу” беренесинин  негизинде У.А.га карата 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр  шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды”, – деп жазылат маалыматта.

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектелген жаран коё берилди

Scroll to Top