Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бүгүн, 24-декабрда  президенттик балаты өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүчү балдар үчүн жаңы жылдык спектаклге катышат.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1,1 миң бала чакырылган. Алардын арасында окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, памирлик кыргыздардын балдары бар. Ошондой эле кызмат учурунда каза болгон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер чакырылган.

Жаңы жылдык концерт, театралдаштырылган программа КТРК тарабынан түз эфирде, республикалык жана облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу көрсөтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>