Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектелген жаран коё берилди

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектелген жаран коё берилди

Сузак районунда тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган жаран кайра коё берилди. Жактоочу Мунар Сулайманов ал күбө катары суракка чакырылып, суроо-жооптон кийин үйүнө коё берилген. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Бул маалыматты милиция дагы ырастап, шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын маалымдады.

“Жактоочу шектүүнүн психикалык жактан жабыркагандыгын, буга чейин ооруп дарыланган тактамаларын көрсөткөн. Ошонун негизинде соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Бирок кылмышты жасагандыгын айтып, окуя болгон жерде көрсөтмөлөрдү берген. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин бүгүн, 23-декабрда билдирген.

Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз болгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган.

Жалал-Абад облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон сабакка барган эмес.

Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>