Сурабалдиева: Пандемияда келген акчалар уурдалган, миңдеген адам өлүмү жашырылган

Сурабалдиева: Пандемияда келген акчалар уурдалган, миңдеген адам өлүмү жашырылган

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргызстанга келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдын ала жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады.

Ага ылайык, Сурабалдиева кечээ, 14-январда аталган комиссиянын алдын ала жыйынтыгы менен таанышкан.

Анда пандемия учурунда Кыргызстанда өтө көп мыйзам бузуулар орун алганы айтылган.

Алардын негизгилерине токтолгон вице-премьер Кыргызстанга сырттан келген гуманитардык жардамдарды жеп коюшканын, эл кырылып атканда кырсыктан бизнес жасашканын жазган.

Ошондой эле айрым жетекчилердин тийиштүү документтерди кечиктиргенинен улам дары-дармек жетишсиз болуп, ушундан улам башаламандык жаралганын жазган.

Мындан сырткары оору боюнча чыныгы сандар жашырылып, адамдардын өлүмүн азайтып жазышканын, элге айткан сандар менен чындап илдеттен каза болгондордун ортосунда миңдеген айырма чыгарын билдирген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>