Сургутта 9 жана 6 жаштагы кыргызстандык балдар күйүп кетти

Сургутта 9 жана 6 жаштагы кыргызстандык балдар күйүп кетти

Орусиянын Сургут шаарында өрттөн 9 жана 6 жаштагы кыргызстандык балдар каза болду. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 11-мартта Сургут шаарына жакын жерде Ханты-Мансийск автономиялык округу-Юграда «Ден-соолук» дача кооперативинде орун алган. Тилсиз жоодон 2012-жылы туулган А.А. аттуу кыз жана 2015-жылы туулган А.М аттуу кыргыз жарандары каза болгон.

Билдирүүгө таянсак, жашы жете элек балдар апасы жана чоң апасы менен жашашкан. Өрт башталган кезде балдар үйдө жалгыз болушкан.

Элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясы каза болгон балдардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу боюнча кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери менен координациялык иштерди жүргүзүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>