Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Сузакта өспүрүм бала изделүүдө
13.10.2022 | 16:35
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Винсовхоз айылынын дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Малаасман-оглы Али аттуу тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 9-октябрь күнү болжол менен саат 17:00до таалада мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
“Учурда Малаасман-оглы Алинин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилери:
- Бою 130-140 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери:
- Көк түстөгү жемпер, жашыл-ала түстөгү камуфляж шым, кызыл түстөгү бут кийим.
Дайынсыз болуп жаткан Малаасман-оглы Али тууралуу маалыматы бар жарандар 102, (03722) 7 39 90, 0771 93 60 70, 0553 78 00 78 номерлерине кайрыла алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом