Садыр Жапаров Астанага өзүнүн суусу менен келген, — Orda.kz

Садыр Жапаров Астанага өзүнүн суусу менен келген, — Orda.kz

Казакстандын Астана шаарында 13-октябрда өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде айрым президенттер өздөрү алып келген сууну ичишти. Бул тууралуу Orda.kz жазды.

Алардын маалыматына караганда, Россиянын лидери Владимир Путин француздардын EVIAN суусун ичет.

«Кыргызстан менен Түркиянын президенттери да өздөрүнүн суусу менен келишкен. Калган жетекчилер Казакстандын жаңы “Туран” суусун ичишти. Суу дипломатиясы жана протоколу», — деп жазды ЖМК.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Садыр Жапаров саммитте ата-мекендик «Легенда» суусун ичип жатат. «Биз сууну бардык жерге алып кетүүгө аракет кылабыз», — деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммитинде сүйлөгөн сөзү бул шилтемеде.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>