Бишкекте эл аралык издөөдөгү Европадан келген унаа табылды

Бишкекте эл аралык издөөдөгү Европадан келген унаа табылды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Европадан келген унааны табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө Европа мамлекеттеринин биринен уурдалып келген  2021-жылы чыгарылган “Land Rover” үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын аймагында колдонулуп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде аталган унаанын жүргөн жери такталып, унааны 1995-жылы туулган К.М. аттуу жаран ээлик кылып айдап жүргөнү аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жана Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза борборунун экспертинин корутундусу боюнча экспертизага берилген “Land Rover” үлгүсүндөгү унаанын кузовунун белгиси үй шартында өзгөртүлгөнү көрсөтүлгөн.

Бул унаага орнотулган электрондук маалымат блогуна диагностикалык сканердин жардамы менен кошулууда кузовдун чыныгы унаага таандык идентификациялык коюлган белгиси аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси (транспорт каражатынын идентификациялык номеринин жасалмасын жасоо, жок кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Интерполунун Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, аталган унаа 2020-жылы Германия мамлекети тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

“Урматтуу жарандар, сак болгула! Анткени, унаа базарынан унааны колдон сатып алууда, өз кыялыңдагы унаанын ээси болуу гана эмес, ошондой эле кыйынчылыкка да дуушар болуу коркунучу бар.

Мындай болбош үчүн унааны техникалык жана юридикалык жактан текшерүү керек. Унаанын уурдалганы, камакка алынганы же күрөөгө коюлгандыгы боюнча толук текшерүүдөн өткөрүүнү эсиңизден чыгарбаңыз”, — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>