Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жашар кызды анын 43 жаштагы өгөй атасы 12 жашында зордуктап, андан кийин 2 жылдан ашуун ыплас ишин улантып келген. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин зордуктоого кабылган кыздын укугун коргоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды.
Аталган институттун кызматкерлери кыздын өзү менен жолуккан. Кыз аларга зордуктоого кабылганын апасы да билгенин, бирок ал чара көрбөстөн, кайра кызын күнөөлөп урушуп келгенин айтып берген.
«Кыздын айтымында, 2024-жылдын күз айларында кыздын апасы чет өлкөгө эмгек мигранты болуп иштеп кетип, 3 кызын (зомбулукка кабылган кызы мурунку турмушунан, калган экөө азыркы күйөөсүнөн) жолдошуна таштап кеткен. Бир канча убакыттан кийин кыздарын Чүй облусунда жашаган өкүл апасына жөнөткөн. Кыз эки бир тууганы менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунда убактылуу жашап, билим алып жаткан. 2025-жылдын апрель айында кыздарды кайрадан атасынын колуна жөнөтөр алдында өспүрүм ыйлап, болгон окуяны аларды карап жаткан аялга айтып, Сузакка баруудан баш тартат. Ал аял бул окуяны угар замат, 16-апрелде милицияга билдирген. Милиция өспүрүмдү суракка алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Учурда жыйынтыгы чыга элек»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда кыз убактылуу балдар борборуна жайгаштырылган.
Сузак районунун милициясы кыздын өгөй атасына Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгоп, кармаган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.