Сузакта айылдашын бычактаган деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сузакта айылдашын бычактаган деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айылдашына бычак сайган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 30-декабрь күнү райондук ооруканага 36 жаштагы Т.Б. аттуу адам көкүрөгүнө учтуу нерседен жараат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Анын алкагында шектүү катары жабырлануучунун айылдашы кармалган. Ал мурда мурда бир нече жолу соттолгон, милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, “Пакыр Калла” каймана аттуу 45 жаштагы  Б.Б. аттуу киши болгон. 

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 53973″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>