Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин видеосу тарады

Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин видеосу тарады

Социалдык тармактарда аял кишинин мойнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин видеосу тарады. Видеодогу киши колу байланган аялны чакалап суу чачып, жаакка чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук милициясы маалымат берип, окуя  8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгонун маалымадады.

«Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну өз үйүндө 47 жаштагы аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып кыйнаган. Жабырлануучу аял 11-июнь күнү Сузак райондук милициясына арыз менен кайрылган. Жолдошу мындай кадамга үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам барганын айткан», — деп билдирди облустук милициядан.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, кийин Жазык кодексиндеги ( “Уруп-согуп кыйноо”) беренесине өзөргөн. Ал эми аялын кыйнаган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>