Сузак районун Көк-Арт айыл аймагында 38 жаштагы келин денесинен ар кандай жаракат менен ооруканага түштү.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, аны 17-январь түнү 49 жаштагы күйөөсү сабаган.
«Ачуусу менен аялдын бети-башына, бөлмөдө турган балка менен желке тарабына урган. Аялын эртеси күнү гана ооруканага жеткирген», — дейт милиция.
Шектүү кармалып, ага карата уруп-сабап кыйноо (Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси) менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз