Президент өлкөдө сөз эркиндиги камсыздаларын айтты

Президент өлкөдө сөз эркиндиги камсыздаларын айтты

«Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берет», — бул тууралуу президент Садыр Жапаров 11 журналисттин камалышы боюнча пикирин билдирген маегинде айтты.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарын улуттук коопсуздукту жаатындагы мыйзамдарды сактоого чакырат.

Садыр Жапаров сапаттуу журналисттик иликтөөнү колдорун белгилейт.

«Бирок блогерлер көпчүлүк учурда фактыларды бурмалоо, «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» же манипуляциялоо менен алектенип, коомду адаштырып жатышат. Алардын материалдары божомолдор эмес, фактылар менен ырасталышы зарыл, алар ушак эмес, маалыматтарды камтууга тийиш», — дейт президент.

Белгилей кетсек, 16-январда милиция кызматкерлери “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин кармап кеткен. Алар Биринчи май райондук соттун чечими менен 13-мартка чейин СИЗОго камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>