«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа»: Жунушалиев КР президентинин талабын эске салдыЖапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБишкекте бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн 47 жыл иштөө керекЭнергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттанышты
Сузакта күйөөсү балка менен сабаган аял ооруканага түштү
20.01.2024 | 11:45
Сузак районун Көк-Арт айыл аймагында 38 жаштагы келин денесинен ар кандай жаракат менен ооруканага түштү.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, аны 17-январь түнү 49 жаштагы күйөөсү сабаган.
“Ачуусу менен аялдын бети-башына, бөлмөдө турган балка менен желке тарабына урган. Аялын эртеси күнү гана ооруканага жеткирген”, – дейт милиция.

Шектүү кармалып, ага карата уруп-сабап кыйноо (Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси) менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар