Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Сузакта өгөй кызын зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды
23.09.2025 | 18:31

Сузак райондук соту жашы жете элек өгөй кызын зордуктаган 43 жаштагы Т.С.га карата өкүм чыгарып, аны өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, соттун чечиминде айыпталуучу жабырлануучу тарапка 300 миң сом моралдык зыянды төлөп бериши керектиги да көрсөтүлгөн.
Эске салсак, апрель айында Акыйкатчы институту Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жашар кызды анын 43 жаштагы өгөй атасы 12 жашында зордуктап, андан кийин 2 жылдан ашуун ыплас ишин улантып келгенин маалымдаган. Сузак районунун милициясы кыздын өгөй атасына Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгогон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар