Чүй облусунда жашы жете элек кызга карата зордук-зомбулук фактысы аныкталды.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-апрелде Ысык-Ата РИИБге райондук балдарды социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн адисинен арыз түшкөн.
Арызда 1982-жылы туулган С.Т., 2009-жылы туулган жашы жете элек өгөй кызы А.А.га көп убакыттан бери сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап келгени айтылган.
Алынган маалымат Ысык-Ата РИИБдин электрондук каттоо журналына катталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертиза дайындалып, андан соң материалдар аймактык ыйгарым укуктар боюнча Сузак РИИБге өткөрүлүп берилген.
Аталган факты боюнча 19-апрелде Сузак РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси «Зордуктоо» боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.
21-апрелде Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү 1982-жылы туулган С.Т., кармалып, Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз