Сузактагы кырсык. Балдар ооруканадан чыгып, кылмыш ишин тергөө уланууда

Сузактагы кырсык. Балдар ооруканадан чыгып, кылмыш ишин тергөө уланууда

Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынакта жабыркаган балдардын баары ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаарындагы Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, окуучулар толук дарылануудан өтүштү.

«Операция жасалды, дарыланышты. Эми жашаган жеринде дарыгерге көрүнүп турат», — дейт Акылбек Маманов.

Жалал-Абад облустук милициянын билдирүүсүндө, тергөө иши уланууда. Мектеп окуучуларын тебелеп кеткен «Портердин» айдоочусу дагы эле үй камагында.

Белгилей кетсек, 2-майда болгон окуяда 29 бала жабыркап, 18и ооруканага түшкөн. Оор абалдагы 10 бала Жалал-Абаддан Бишкекке которулган.

Бир нече милиция кызматкери тартип жазасына тартылып, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги иштен алынды.

Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдарга телефон тартууланды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сузак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>