Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгон.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун прокурору Белек Калыков болгон. Ал кайсы кызматка өткөнү же оорду жок калганы тууралуу азырынча так маалымат бериле элек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-февралда жаңы өкмөт ишке киришкен. Премьер-министр Улукбек Марипов талапкерлиги парламентте каралып жатканда өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.

Кыскартылган өкмөттүн түзүмүндө Сыймык Жапыкеев жетектеген Финпол дагы  бар болчу. 5-мартта өкмөттүн Финполду жоюу тууралуу чечими кабыл алынып, аталган кызмат жоюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>