Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Сүлүктүнүн 44 жаштагы тургуну дайынсыз болуп жатат
22.12.2024 | 11:33
Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 44 жаштагы тургуну дайынсыз болуп жатат.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 1980-жылы туулган А.З. аттуу эркек киши 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча ӨКМдин Сүлүктү шаардык бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Сүлүктү шаардык №52 ӨКБдан 6 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, жалпы 15 адам тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар