Орусияда кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды19-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталды
Бишкектин түндүгүндөгү айланма жол алты тилкелүү болот, – президент
22.12.2024 | 12:17
Сокулуктан Кантка чейинки айланма жол реконструкцияланып, алты тилкелүү болот, деп билдирди президент Садыр Жапаров 21-декабрда III Элдик курултайда.
Ошондой эле, ал ГЭС-5ке барчу жол төрт тилкелүү болорун, азыр эки тилкелүү, өтө тар, унаалар көп экенин баса белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Кант — Бишкек жолунда иштер февраль-март айларында башталып, ошондой эле 2025-жылдын күз айларына чейин бүткөрүлөт. «2026-жылы Токмок менен Кеминге чейинки жолду курабыз», – деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар