«Сүрөткө түшкөнү келдиби?». Ноокатта ӨКМге нараазычылык айтылды (видео)

«Сүрөткө түшкөнү келдиби?». Ноокатта ӨКМге нараазычылык айтылды (видео)

Ноокат районунда селден кийин тазалоо учурунда жарандар менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ортосунда кайым айтышуу жаралды. Бул боюнча видео социалдык тармакта тарады.

Анда башка райондон келген жарандар ӨКМдин өкүлдөрүнө нааразычылыгын айтышкан. Алардын айтымында, куткаруучулар алар тазалап бүткөн үйдүн короосунда сүрөткө түшмөй болушкан.

«Биз башка райондон келип, бул жерде жардам берип жатабыз. Бизди чыгып тургула, тартып алалы (сүрөт-видеого) деп жатышат. Иш бүткөндөн кийин келип, ушинткени туура эмес го», — дейт жарандар.

Ага чейин эле жергиликтүү тургундар селден тазалоо иштерине техника жана дайынсыз болуп жаткандардын сөөгүн издөөгө жумушчу күч жетишпей жатканын айтышкан.

«Сайларды, жолдорду тазалап, дайынсыз адамдардын сөөгүн издөө үчүн Ош, Баткен тараптан миңдей киши келди. Жергиликтүү тургундар эле өздөрүнүн техникасын берип, күйүүчү май менен дагы камсыздап жатышат», — дейт жергиликтүү тургун.

Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Селдин айынан 9 адамдын, анын ичинде кичинекей балдардын өмүрү кыйылган. Каза болгондордун арасында Казакстандын 4 жараны, жаш балдар каза болду.

Кечээ кайра жамгыр жаап, райондогу бир нече көпүрө, анын ичинде Баткен — Ош жолундагы мост дагы бузулуп, жол жабылды.

ӨКМ «Абшыр-Ата» эс алуу жайынан 1300 жаранды куткарды.

Казакстан каза болгон жарандарынын сөөгүн алып кетүү үчүн Ошко учак жөнөттү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сел жүрдү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>