Сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталат

Сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сүттүн майлуулугуна жараша баанын тарифтик графигин сунуштады.

Баанын мындай графиги ар бир заводго орнотулат.  Ага баш ийбегендерге чара көрүлөт.

 “Эгерде сүттүн майлуулугу 3,4 процент болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду, ал эми сүттү топтоп даярдоочунун маржасы 5 сомду түзөт”, — дейт айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев.

“Баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша Монополияга каршы кызмат тарабынан белгиленет. Эгерде дыйкан менен заводдун ортосунда сүттүн майлуулугуна карата кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, биздин ветеринардык лабораторияларга кайрылса болот. Биздин ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, эгер корутундуда сүттүн майлуулугу 4% болсо, завод фермерден сүттү 40 сомдон кабыл алат», — дейт Төрөбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>