Түлөбаев: Бишкектеги тойканалардын иши боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда

Түлөбаев: Бишкектеги тойканалардын иши боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда

Бишкекте кафе-ресторандардын ишине байланыштуу мурда киргизилген чектөөлөр алынып, тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Бул тууралуу 2-декабрда шаардык кеңештин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Түлөбаев ар бир тейлөө тармагы кандай тартип менен иштеши керектиги тууралуу талаптар иштелип чыгып жатканын белгиледи.

«Кафе-ресторандар  боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Алардын ашканасы кандай болушу керек, тейлөөчү кызматкерлерге кандай талап коюлушу зарыл. Мындан тышкары илдетке каршы ПЦР-анализ канча күндө бир алынып турушу керек деген нерселер тууралуу. Ошондой эле мурда киргизилген тойканалардын, супермаркеттерден убактылуу чектөөлөрдү алып салдык. Супермаркеттер мурдагыдай түнкүсүн да иштей бермей болушту», — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Түлөбаевдин айтымында, жазында коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чараларынын дээрлик баары алынды, болгону мектептер жана бала бакчалар жабык турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>