Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды

Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 2-ноябрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн борбордук аппаратынын жамаатына ыйгарым укуктуу өкүл Элчибек Жантаевди тааныштырган.

Вице-премьер-министр Элчибек Жантаев өкүлчүлүктүн ишин жакшыртууга колдон келген күч-аракетин жумшарына ишенимин билдирген. 

Элчибек Жантаев 46 жашта. Ал Ак-Суу районун Ак-Чий айылында төрөлгөн.  Кесиби боюнча экономист.   

Жумуш жолун Ак-Чий айыл өкмөтүндө баштаган. Анда  2002-жылдан 2012-жылга чейин айыл өкмөттө экономист кызматынан баштап, айыл аймактын жетекчилигине чейин жеткен. 

2014-жылы  Ак-Суу районунун акимине орун басар болуп дайындалган. 2018-жылы Түп районуна жетекчи болуп барган. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунан тарта Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп жаткан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>