Түркия жана Орусияга кыргызстандыктарды мыйзамсыз жөнөткөн агенттик аныкталды

Түркия жана Орусияга кыргызстандыктарды мыйзамсыз жөнөткөн агенттик аныкталды

Милиция кызматкерлери мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушка орноштуруучу жеке агенттиктердин биринин кызмат адамдары  өлкөдөн тышкары Кыргызстандын жарандарын жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксааты жок туруп, Түркияга жана Орусияга мыйзамсыз баруулары үчүн Кыргызстандын жарандарына кызмат көрсөтүп келишкен.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул агенттикке тинтүү жүргүзүлүп,  натыйжасында жарандарды чет өлкөгө  жөнөтүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жөнүндө далилдер табылган”, — деп айтылат маалыматта.

Бул жеке агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө жарандар интернет жана социалдык тармактар аркылуу билип, анда жакшы шарттар  жана жогору айлык акыны убада беришкени аныкталган.

Аталган факты 122-берене (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, бул ишке жеке агенттиктин  жетекчиси шектелип жатканы кабарланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>