Түркияда кыргызстандыктардын 27 миң долларлык товары аткезчиликке айыпталып кармалды

Түркияда кыргызстандыктардын  27 миң долларлык товары аткезчиликке айыпталып кармалды

Түркиянын Соода жана өнөр жай министрлигинин сайтына чыккан маалыматка ылайык, 29-ноябрда Стамбул аэропортунда бажы кызматкерлери Алматыдан учуп келген алты кыргызстандыктын жүгүн текшеришкен. Кыргызстандыктарга таандык 9 чемодан жана алты баштыктан 7,390 куту электрондук тамеки табылган. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Бул жүктү бажы кызматкерлери «контрабанда» деп таап, наркын 27 миң долларга баалашкан.

Кармалган кыргызстандыктарга «Аткезчилик» беренеси боюнча айып тагылып, тергөө иштери башталды.

Түркиянын Жазык кодексинин «Аткезчилик» беренеси боюнча чет өлкөдөн декларация толтурбастан товар алып келген жарандар бир жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат жана ири өлчөмдө айып төлөшөт.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги электрондук тамекилерди колдонууга жана бул тамекилерди чет өлкөдөн ташып келүүгө тыюу салган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>