Түркиядагы жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 98ге жетти

Түркиядагы жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 98ге жетти

Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 98ге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттиги маалымдады.

Буга чейин 95 адам каза болуп, 994 адам жаракат алганы кабарланган.

30-октябрда Түркиянын батышында 6,6 баллдык жер титирөө болуп, эпицентри Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон.  Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчү 6.9 балл деп баалашкан. Измирде кеминде 20 имараттын кулагандыгы кабарланды. Жер титирөө кичинекей цунамини козгоп, Сеферихисардын жээк көчөлөрүн суу каптаган. Кыйратуу Грециянын Самос аралында дагы катталып, ал жерде эки адам каза болуп, 19 адам жаракат алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>