Түркиядагы жер титирөөдөн 70тен ашык адам каза болду

Түркиядагы жер титирөөдөн 70тен ашык адам каза болду

Измир провинциясында жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 961 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттиги билдиргенин түрк басылмалары жазды.

Акыркы маалыматтар боюнча, 73 адам жер титирөөнүн курмандыгы болду.

30-октябрда түштөн кийин Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Табигый кырсык Грециянын жакынкы аралдарына дагы таасирин тийгизип, 6,9 баллдык силкинүүлөр болду. Кыйроолор Грециянын Самос аралында да катталып, ал жерде эки адам каза болуп, 20 адам жаракат алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>