Түркиядан 341 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Түркиядан 341 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга Түркиядан 341 кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын жарандары Turkish Airlines авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул чартердик рейси менен келишти.

Белгилей кетсек, Түркия кирүүгө чектөөлөрдү алып, эл аралык авиакаттамдарды жандандыргандыгына байланыштуу, транзиттик рейстер менен Кыргызстандын АКШ, Канада, Бразилия, Корея, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопия мамлекеттериндеги жарандарын алып келүү мүмкүн болгон.

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги жарандарын алып келүү боюнча иштер уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>