Түркияга же Германияга учуп кетүү үчүн жеке учактар канча турат?

Түркияга же Германияга учуп кетүү үчүн жеке учактар канча турат?

Интернет колдонуучулары “Манас” аэропортуна келген атайын учактар кимге келип жатканына кызыктар болууда.

Бул суроого жооп жок, бирок REPORTER.KG маалыматтык агенттиги мындай кызмат канча акчага аткарыла тургандыгына саресеп салды.

“Privatefly” глобалдык жеке чартердик каттамдарды жүргүзүүчү кызматтын сайттында, Bombardier Challenger 604 борту жакын арада Бишкеке учуп келгендиги жазылган.

Учакты ижарага алуу 5 миң 863 долларды түзөт, кыргыз сомуна айлантканда 455 миң 481 сом болот.
Ал эми эки тараптуу каттамдын баасы, мисалы, Анкарага 3 млн 597 миң сом, Нюрнбергге болсо 4 млн 994 миң сомду түзөт.
Айта кетсек, бул учакты ижарага алуунун гана баасы. Ал учак коронавирус же пневмония менен ооруган бейтаптарды ташуудагы медициналык жабдуулар менен жабдылган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>