Түркмөнстан коронавирус боюнча Борбор Азиядагы эң коркунучтуу өлкө деп табылды

Түркмөнстан коронавирус боюнча Борбор Азиядагы эң коркунучтуу өлкө деп табылды

Deep knowledge group фондунун рейтингине ылайык, COVID-19 катталбаганын жарыялаган Түркмөнстан Борбор Азиядагы эң коркунучтуу өлкө деп табылды.

Борбор Азияда Казакстан – 71, Кыргызстан – 108, Өзбекстан – 121, Тажикстан 124-орунда жайгашкан. Коронавирус инфекциясы катталган учур жок деген Түркмөнстан 131-сапта. Тизмеде жалпысынан 200 өлкө бар.

Эпидемиологиялык абал туруктуу, коопсуз өлкөлөрдүн катарына Швейцария, Германия, Израиль, Сингапур жана Жапония кирди. Рейтингдеги эң төмөнкү катарда Либерия, Ооганстан, Чад, Мали, Руанда жана Түштүк Судан бар.

Түркмөнстанда социалдык обочолонуу, гигиеналык чараларды сактоо – медициналык беткап тагынуу, респираторлорду колдонуу сыяктуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) негизги сунуштары аткарылган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>