Төмөнкү Ала-Арчада 26 жаштагы кызды өлтүргөндөр кармалды — сүрөт

Төмөнкү Ала-Арчада 26 жаштагы кызды өлтүргөндөр кармалды — сүрөт

Төмөнкү Ала-Арчада 26 жаштагы кыздын өлүмүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя боюнча 26-сентябрь күнү болжол менен саат 03: 11де Аламүдүн РИИБге Төмөнкү Ала-Арча айылынын үйлөрүнүн бириндеги тоноо фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Анда үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен. Натыйжада, алган жаракатынан улам кыз каза болуп, эркек киши Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда шектүүлөр кармалганы кабарланды. Алар 31 жаштагы Б.Ж. жана 28 жаштагы О.А., 31 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар болгон. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча кылмыш иши кызганычтын айынан келип чыккан. Анда аялы күйөөсүн маркум кыздан кызганып, аны өлтүрүүгө өзүнүн айдоочусу менен досуна буйрутма берген. Учурда териштирүү башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

[su_image_carousel source=»media: 44508,44509,44510″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>