Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, эл менен кошо кезекке турду

Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, эл менен кошо кезекке турду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков борбор калаадагы бир нече дарыканаларга кирип, дары-дармектердин баасы менен таанышты. Бул тууралуу 8-июлда парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу “Фейсбук” баракчасы жазды.

“Айрым дарыканаларда кезек күткөн элди өз көзү менен көрдү, өзү да кезекке турду. Атуулдар дарылардын баасы обу жок көтөрүлдү деп кайрылышууда. Төрага тиешелүү органдардан бул кырдаал боюнча кескин чара көрүүнү талап кылмакчы”, – деп жазган Нуракун уулу.

Төрагасы Дастанбек Жумабеков ушул эле күнү Бишкектин Кызыл-Аскер районунда жайгашкан “Арал” кафесинде уюштурулган күндүзгү стационардык жайдын ишмердүүлүгү менен да таанышкан.
[su_image_carousel source=»media: 34247,34248,34249,34246″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>